Ипотека: МУГАЛИМДЕРГЕ АРЗАН ТУРАК-ЖАЙ АЛУУ ҮЧҮН МАМЛЕКЕТТИК НАСЫЯ БЕРИЛЕТ
– Бардыгыбызга маалым болгондой, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын максаты — мамлекеттеги турак-жайга муктаж болгон адамдардын суроо-талабын канааттандыруу. Бул багытта Мамлекеттик ипотекалык компания бир топ иш-чараларды алып барууда. Бүгүнкү күндө келечектеги турак-жай менен камсыз болуу үчүн ипотекалык насыяларды алуучуларды тандоо критерийлери, алуучу насыялардын шарттары жана ошол насыяга алына турган турак-жайга коюлган талаптар иштелип чыгып, коомчулукта талкууланып жатат.
– Бул программанын катышуучусу кандай талаптардын негизинде тандалып алынат?
– Азыркы убакта – Ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Жер-жерлердеги мамлекеттик башкаруу органдары ипотекалык насыяларды алуучулардын тизмесин тактайт. Ал тизмелер баштапкы этапта: Билим берүү, илим жана жаштар, Саламаттыкты сактоо жана Социалдык өнүгүү министрликтеринин кызматкерлеринин арасында тандоо жүргүзүлөт, албетте, иштелип чыккан критерийлерге жана талаптарга ылайык. Ошондой эле катышуучунун каржылык абалы өнөктөш-банктын талабына ылайык келиши зарыл. Ошентип жер-жерлерде такталган тизмелер Ведомстволор аралык комиссияга жөнөтүлөт. Ал жерден регион жана министрликтер боюнча тиешелүү квоталарды аныктаган соӊ тизмелер Мамлекеттик ипотекалык компанияга келип түшөт. МИК аталган критерийлердин жана башка талаптардын негизинде түзүлгөн тизмелерди топтоп, тиешелүү түрдөөнөктөш-банктарга каржылоо үчүн жөнөтөт. Ал жерден банктардын шарттары боюнча катышуучулардын документтери текшерилет, эгерде алардын шарттарына жооп бере турган болсо каржылоо үчүн төлөй турган сумманы бөлүп беришет.
– Нуржигит мырза, катышуучунун алгачкы төлөмү канча пайызды түзөт жана насыя канча мөөнөткө берилет?
– Алгачкы өздүк салым алына турган турак-жайдын баасынын 10%дан кем болбош керек. Бул дүйнөлүк тажрыйба. Жер-жерлерге барып жыйындарды өткөргөндө, бул сумманы төккөнгө мүмкүнчүлүк бар экенин жолугушууга келгендердин көпчүлүгү айтышууда. Бирок кээ бир адамдардын азыр шарты болбой калышы мүмкүн. Ага биз насыя берүүнүн башка механизмин иштеп чыгып, сунуштаганы турабыз. Бул турак-жай аманат кассалары, анын максаты – бир нече турак-жайга муктаж адамдар топтолуп, ортодогу бир айда төлөй турган сумманын өлчөмүн аныктап, ай сайын топтун шарттарына жараша өздөрүнчө кандайдыр бир сумманы топтошот. Керектүү сумма топтолгон сайын, топтун мүчөлөрү тиешелүү жетпеген акчасын насыя катары алып, өзүнүн муктаждыгын канааттандыра бермекчи. Андан сырткары дагы башка мүмкүнчүлүктөрдү карап жатабыз. Берилүүчү ипотекалык насыялардын пайдалануу мөөнөтү 15 жылга чейин, суммасы 3 млн. сомго чейин берилет, үстөк жылдык пайызы турак-жай алуучунун алгачкы өздүк салымына жараша – 12-14 %.
– Өкмөт башчы Темир Сариев 1-2-3 бөлмөлүү батирлерди куруу пландалып жатканын айтты эле маалымат каражаттарында. Аталган Программанын негизинде турак жайлардын 1 чарчы метринин баасы 37 500 сомдон ашпашы керек жана алар болжолу 12 пайыздык ченем менен берилет деген эле. Айтсаӊыз, насыя алуучулар Өкмөт башчы айткан курулчу үйлөрдөн алышабы же шаардын ичинде курулуп, саталбай калган компаниялардын кымбат үйлөрүн алышабы? Батирдин 1 кв.метринин баасы канча болуш керек?
– Биз үй таркатпайбыз. Биздин максат — ошол үйгө болгон муктаждыкты канааттандыруу. Анын ичинде ипотекалык насыяларды берүү. Насыяны алуучу жаран кайсы жана кандай үйдү сатып алат ал ар бир кардардын өзүнүн ыктыяры. Биз бул турак-жайды аласыӊ деп мажбурлабайбыз. Эгерде насыя алуучу адам кв.м. көрсөтүлгөн суммадан төмөн тапса ала берсин. Белгилей кетчү жагдай, алына турган турак-жай аталган социалдык турак-жай талаптарына туура келиш керек, анын ичинде баасы жана жалпы аянты боюнча. Эӊ башкысы, насыя алган адамдын каражаты насыяны кайра төккөнгө жетип, андан сырткары күнүмдүк оокатына дагы каражат калыш керек. Анын баары эсептелинип чыгып, алуучунун шартына, мүмкүнчүлүгүнө жараша насыя берилет же берилбейт деген акыркы тыянакты банк чыгарат. Себеби, насыяны кайра кайтаруу түйшүгү ошол банктарга жүктөлгөн.
– Демек, февралда биринчилерден болуп мугалимдер, дарыгерлер жана социалдык кызматкерлер алышат экен. Ал эми үйгө муктаж болгон башка жарандар кантет?
– Алгачкы этапта бул Программага Сиз айткан жарандардын катмары кирмекчи. Бул биздин биринчи кадамыбыз, кийинки кадамыбыздан баштап Программанын катышуучуларын кеӊейткенге аракеттерди жасап жатабыз.
– Акча жыттанган жерде ортомчулар көбөйөт эмеспи. Мугалимдер алданып калбаш үчүн, коррупцияга бөгөт коюу үчүн кандай механизмдер иштелип чыккан?
– Жакшы иштер башталганда, тилекке каршы, коомчулукту иренжиткен иштер болбой койбойт. Ошондуктан ар кандай ортомчуларга бөгөт коюу үчүн биз жер-жерлерди кыдырып, коомчулук менен жолугуп, так маалыматтарды берип, ошондой эле жеринде мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен бирдикте тизмелерден бери тактап жатабыз. Турак-жай комитеттеринин жетекчилери катары, айыл өкмөтүнүн, райондун, облустун жетекчилеринин бирден-бир милдети – адилеттүү, ачык-айкын тизмелерди түзүү болуп саналат. Аталган жетекчилер биринчи кезекте айкын, таза тизмелерди түзүүгө кызыкдар, себеби алар эртеӊки күнү тизмеге кирген ар бир адам үчүн жооп беришет.
Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан-турак жай 2015-2020” Программасына катышуучуларды тандоо шарттары жана тартиби жөнүндө
УБАКТЫЛУУ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо мамлекеттик турак-жай программасына катышуучуларды (мындан ары – катышуучу) тандоо тартибин жана шарттарын аныктайт жана бул боюнча тандоонун критерийи аныкталат, ошондой эле аларга карата субъекттердин милдеттерин жана укуктарын аныктайт.
2. Бул Жобонун максаты болуп:
– катышуучуларды тандоо шарттарынын, критерийлеринин жана тартибинин укуктук негиздерин түзүү;
– катышуучуларды негизги тандоо шарттарын, критерийлерин жана тартибин аныктоо;
– катышуучуларды тандоо шарттарын, критерийлерин жана тартибин аныктоо жана колдонуу боюнча мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын аныктоо.
1. Негизги түшүнүктөр
3. Катышуучу – мамлекеттик турак-жай программасына катышкан, Кыргыз Республикасынын жараны.
Катышуучуларды тандоонун критерийлери – мамлекеттик турак-жай программасына катышкан Кыргыз Республикасынын жарандарына болгон талаптар.
Арзан турак-жай – мамлекеттик турак-жай программасында аныкталган талаптарга жооп берген турак-жай.
Өнөктөш-банк – мамлекеттик ипотекалык уюм менен келишим түзгөн жана аны менен мамлекеттик турак-жай программасы боюнча кызматташкан банк.
2. Катышуучуларды тандоо
4. Катышуучуларды тандоо жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана шаардык мэриялар тарабынан жашаган жери боюнча жана бюджеттик уюмдар тарабынан иштеген жери боюнча аталган Жобонун 1 тиркемесинде келтирилген тандоонун критерийлерине ылайык жүргүзүлөт.
Бул Убактылуу жобонун 2-тиркемеде көрсөтүлгөн ипотекалык кредиттөө шарттарына ылайык тандоонун критерийлери, арыз берүүнүн тартиби жана башка шарттары мамлекеттик ипотекалык уюмдун сайтында жарыяланат.
Катышуучуларды тандоо жана тизмени бекитүү процесси коомчулукка ачык жана айкындуу болушу керек, катышуучулардын тизмеси кезектүүлүк тартибине жараша жарандарга жана коомчулукка ачык болушу керек.
5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, шаардык мэриялардын жана бюджеттик уюмдардын жетекчилери күбөлөндүргөн тизмелер, Программаны ишке ашыруу процессин координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен түзүлгөн Комиссияга (мындан ары – Комиссия) жиберилет. Катышуучуларды туура тандоо жана тизмесин түзүү боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, шаардык мэриялардын жана бюджеттик уюмдардын жетекчилери жооп тартат.
6. Комиссия катышуучулардын тизмесин карап чыгып, кезектүүлүгүнө, приоритеттигине жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, шаарлар мэрияларына жана бюджеттик уюмдарына такталган квоталарга ылайык мамлекеттик ипотекалык уюмга жиберет.
7. Мындан ары мамлекеттик ипотекалык уюм менен банк-өнөктөштөр ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууда аныкталган 3-тиркемеге ылайык социалдык турак-жайдын стандарттарына, ошондой эле өнөктөш-банктын ички кредит саясатынын талаптарынын жана шарттарынын негизинде өнөктөш-банктар катышуучулардын арызын кароо жүргүзүлөт.
8. Жактырылган катышуучуларга өнөктөш-банктар тарабынан алардын ички процедураларына ылайык ипотекалык насыя берилет.
9. Өнөктөш-банк менен арыз берүүчүнүн ортосунда бардык тиешелүү документтер таризделгенден кийин, өнөктөш-банктар мамлекеттик ипотекалык уюмга тиешелүү арызды беришет.
10. Мамлекеттик ипотекалык уюм өнөктөш-банктын арызын карап чыгып, мамлекеттик ипотекалык уюм менен өнөктөш-банктар ортосунда кол коюлган Генералдык макулдашууда көрсөтүлгөндөй мөөнөт аралыгында каржыны которуп берет.
11. Мамлекеттик турак-жай программа боюнча каражат алган катышуучулардын тизмеси мамлекеттик ипотекалык уюмдун сайтында жарыяланат.
Тиркеме 1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
“Арзан турак-жай 2015-2020” Программасына катышуучуларын тандоонун критерийлери
1. Насыянын төлөмү бүткөн учурда жашы 21ден 65ке чейинки Кыргыз Республикасынын жараны.
2. Бюджеттик мекемелердин кызматкерлери, учурдагы иштеп жаткан ордундагы жалпы стажы бир жылдан кем эмес жана жалпы эмгек стажы 3 жылдан кем эмес, бюджеттик мекемелер тапшырган тизме боюнча.
3. Жашаган жери боюнча жарандар, жергиликтүүөзүн-өзү башкаруу органдарынын тизмеси боюнча.
4. Артыкчылык укуктар берилүүсү мүмкүн:
– Көп балалуу үй-бүлөлөргө;
– Мамлекеттик же коомдук милдеттерин аткаруу учурунда, аскердик кызмат абалында, адам өмүрүн куткаруу учурунда, коомдук тартипти сактоо учурунда курман болгон (каза болгон) үй-бүлөлөргө;
– Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөргө.
1. Катышуучуларга сөзсүз талаптар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
– жеке менчик турак-жайы жок, же турак-жайды чоӊойтуу зарылдыгы болсо;
– Программага катышууга арыз бергенге чейинки акыркы үч жылдын ичинде кыймылсыз мүлк менен жарандык бүтүмдөр болбогон учурда;
– катышуучунун финансылык абалы банк–өнөктөштүн талабына ылайык келсе.
6. Катышуучунун ипотека боюнча алгачкы төгүмүүчүн өздүк салымы 10% (эгерде алгачкы төгүмдүн төлөөөлчөмү 10% дан 20% га чейин болсо, ипотекалык насыянын пайыздык ставкасы жылына 14% болот; төлөөөлчөмү 20% дан 30% га чейин болсо, ипотекалык насыянын пайыздык ставкасы жылына 13% болот; төлөөөлчөмү 30% болсо, ипотекалык насыянын пайыздык ставкасы жылына 12% болот).
7. Банк–өнөктөштүн талабына ылайык терс насыялык маалыматтын жок болуусу.